Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 17.10.2019 18:02

Ысык-Көлдө жол сакчылар мал-жандыктарды ээн калтырбоону эскертишти

Turmush -  Ысык-Көл облусунун аймагында мал-жандык катышкан жол кырсыктарын алдын алуу максатында көрнөк-жарнактар илинүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

ОИИБдин ЖККК бөлүмүнүн маалыматына караганда, Ысык-Көл облусунда жыл башынан бери мал-жандык катышкан жол кырсыктардан 1 адам каза болуп, 14 адам жабыркаган.

«Жайлоодон мал түшүп жаткандыгына байланыштуу жол кырсыктарын алдын алуу багытында фермерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле, жол жээктерине мал-жандыкты кароосуз калтырбоого үндөгөн атайын көрнөк-жарнактар жана белгилер илинип жатат», - деп билдиришти жол сакчылар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×