Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 18.10.2019 10:21 На русском

Жети-Өгүз районунун прокурорунун орун басары кармалды

Turmush -  Жети-Өгүз районунун прокурорунун орун басары пара алууга шектелип кармалды, деп билдиришти Turmush басылмасына жеке булактар.

Алдын ала алынган маалыматка караганда, кармоо укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн.

Кийинчерээк УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматынан маалымдашкандай, прокурордун орун басары Н.А. жана РИИБдин тергөөчүсү Б.Э. пара алууга шектелип кармалган. Кармоо УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан 16-октябрда жүргүзүлгөн.

Маалым болгондой, прокурордун орун басары Э.А. аттуу жарандан кылмыш ишин токтотуу үчүн 100 миң сом талап кылган. Тергөөчү ортомчу болгон. Н.А. 60 миң сомду кайтарып берип жатканда колго түшүрүлгөн. Кармалгандар УКМКнын СИЗОсуна киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.

Прокурордун орун басары бул кызматка бир жыл мурун дайындалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×