Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 20.10.2019 20:20

Кылым карыткан имарат: Жети-Өгүздө 1916-жылы салынган үйлөрдө азыр да адамдар жашап жатат (сүрөт)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Липенка айылында 1916-жылы курулган үйлөрдө азыр дагы адамдар жашап жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Жергиликтүү тургандардын айтымында, аталган үйлөр айылдын Восточный көчөсүндө орун алган.

«Биздин үйлөрдү көргөндөр кызыгуу менен карашат. Анткени үйлөрдүн чатыры 30-40 см калыңдыктагы топурак менен жабылган. 2 жылда бир 10 см кылып ылай менен шыбап коёбуз, жамгыр өтпөйт. Кышында кар жааганда күрөп турабыз. Үй өзгөчө салынган. Кылым карытса да дубалдар ошол бойдон. Үй жылуу болгондуктан бузбайбыз. Заманбап кылып чатырды черепица менен да жаап, сырдап, актап алганбыз», - деди жашоочулар.

Липенка айылы 1916-жылдары орус улутунун өкүлдөрү көчүп келе баштаганда негизделген. Учурда айылда 20га жакын улуттун өкүлдөрү жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×