Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Чүй облусуАламүдүн району 20.10.2019 12:30

«Мерседес-Бенц» жана 500 миң сом байге: Байтик баатырдын мааракесиндеги ат оюндарынын жыйынтыгы (видео)

Turmush -  Кечээ, 19-октябрда Аламүдүн районунун Байтик айылында Канай бий уулу Байтик баатырдын 200 жылдыгына карата маараке өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, мааракеде ат оюндары кызуу өттү. Аламан байгенин 1-оруну үчүн 5000 долларлык «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа коюлду. Көк бөрү үчүн мелдештерге жалпы суммасы 500 миң сомдук байге каралды. Көк бөрүдө 1-орунду алган командага 250 миң сом, 2-орунга 125 миң сом, 3-орунга 75 миң сом, 4-орунга 50 миң сом ыйгарылды. Аламан ат чабышта баш байгеге коюлган унааны Сокулук районунун Күн-Туу айылынын тургуну, саяпкер Нурбек Арыкбаевдин күлүгү утту.

Көк бөрү боюнча мелдештин жыйынтыгы:

- 1-орун – Аламүдүн районунун командасы 250 миң сом, кубок, медаль, грамота;

- 2-орун – Жайыл районунун командасы 125 миң сом, медаль, грамота;

- 3-орун – Сокулук районунун командасы 75 миң сом, медаль, грамота;

- 4-орун – Панфилов районунун командасы 50 миң сом жана грамоталар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×