Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 28.10.2019 13:04

Жети-Өгүздө жер семирткичтер көргөзмөгө коюлду (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 25-октябрда жер семирткичтер көргөзмөгө коюлду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, көргөзмөдө адистер тарабынан биологиялык жер семирткичтер сунушталып, айыл тургундары суроолоруна кеңири жоопторду алышты. Көргөзмөгө биологиялык жана химиялык жер семирткичтер, дары-дармектер жана техникалар коюлган. Багбандар жана дыйкандарга адистер тарабынан сапаттуу дары-дармектерди колдонуунун жолдору тууралуу маалымат берилди.

Ошондой эле жергиликтүү өндүрүүчүлөр чыгарган продукцияларды пайдалануу сунушталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×