Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 04.11.2019 13:34

Ысык-Көлдө Советтер Союзунун баатыры Е.Паськонун музейи ачылды

Turmush -  Жети-Өгүз районуна караштуу Липенка айылында Советтер Союзунун баатыры Евдокия Паськонун 100 жылдыгы белгиленип, анын эстелигинин ачылыш аземи болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

2-ноябрда өткөн иш-чарага Президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Андрей Сургаев, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Моңолдоров, коомдук ишмерлер жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

Мааракенин алкагында Липенка айылындагы Т.Шевченко атындагы мектепте Е.Паськонун музейи ачылды. Иш-чарада мектеп окуучулары ыр саптарын айтып, анын эрдиктери эскерилди.

Е.Пасько 1919-жылы Жети-Өгүз районунун Липенка айылында туулган. Эки баланын энеси. 1944-жылы «Советтер Союзунун баатыры» наамы менен сыйланган. Физика-математика илимдеринин доктору, профессор да болгон.

Ал өмүрүнүн акырына чейин Москва шаарындагы Н.Э.Бауман атындагы техникалык университетте окутуучу болуп эмгектенди. Эки жыл мурун 97 жашында дүйнө салган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×