Бөлүмдөр
Жума, 3-июль

Видео – Жети-өгүздүк малчылар жаратылыштын өзгөчө кубулушун көрүштү

Turmush -  28-июнь күнү Жети-Өгүз районунда малчылар жаратылыштын өзгөчө кубулушуна күбө болушту. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Жети-Өгүз районунун Ырдык айылынын тургуну Сайрагүл Майчинова билдирди.

Анын айтымында, 28-июнь күнү аба ырайы кескин түрдө өзгөрүп, жаап жаткан жаан мөндүргө айланган. Ал эми мал кайтарган балдар Ырдык тоосунун үстүнөн өзгөчө кара булуттарды байкашкан.

Ошондой эле Ысык-Көл, Жети-Өгүз жана Тоң районунун сырт өрөнүндө да кар жааган.

Тоң районунун сырт өрөөнүнө жааган карды жергиликтүү тургундар видеого тартып, жай мезгилинде күтүлбөгөн аба ырайы болгонун белгилешүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×