Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 12.02.2014 09:20

Жети-Өгүз районунда болгон жол кырсыгынан беш адам көз жумду

Turmush -  Кечээ, 11-февралда саат 15:10дор чамасында Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаажолунун 203-чакырымында жети-Өгүз районунун Тилекмат жана Желе-Дөбө айылдарынын ортосунда жол кырсыгы катталып, 5 адам каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Кызыл-Суу – Каракол каттамы менен жеке ташуучу болуп келген айдоочу «Тойота – Эстима» унаасын башкара албай калып, жол четиндеги бакты сүзгөн.

Жол кырсыгынан унаанын айдоочусу жана 4 жүргүнчү, анын ичинде 10 жаштагы бала окуя болгон жерден көз жумду. Үч жүргүнчү ар кандай жаракаттары менен облустук жана Жети-Өгүз райондук ооруканага жеткирилди.

Бул кырсык боюнча материалдар Жети-Өгүз РИИБдин тергөө бөлүмүнө берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×