Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 15.02.2014 12:56

К.Жүдөев Жети-Өгүз районунун акими болуп шайланды

Turmush -  Кечээ,14-февралда Калысбек Жүдөев Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун акими болуп шайланды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Райондук администрациянын жетекчилигине көрсөтүлгөн 3 талапкерди өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаев тааныштырган соң, ар бир талапкер өздөрүнүн программалары тууралуу айтып беришти.

Шайлоонун жыйынтыгы менен К.Жүдөев 139 добуш алып Жети-Өгүз районунун акими болуп шайланды. Ал эми, талапкерлердин бири Дамир Моңолдоров 46 добушка ээ болсо, Кубанычбек Асаналиев бир дагы добуш алган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×