Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 04.03.2014 15:43

Саруу айылынын тургундары кайрадан курултай өткөрүүгө камданышууда

Turmush -  Жети-Өгүз районундагы Саруу айылынын тургундары кайрадан курултай өткөрүүгө камданышууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Саруу айылынын активисттеринин бири Замир Мендибаевдин айтымында, курултай 10–мартта өтөт. Ага Жети-Өгүз районунун 13 айыл аймагынан делегаттар келишет. Мындай чечим саруулуктар тарабынан курултайга даярданууга арналган айылдык жыйында кабыл алынган.

Курултайдын уюштуруучулары иш-чарага эколог-эксперерди чакырууну көздөшүүдө. Алар аймактын экологиялык абалы боюнча доклад жасашат. Бишкектен «Жашылдар партиясынын» мүчөсү, эколог Динара Кутманова келет.

Курултайдын жүрүшүндө өздөрү койгон талаптарга жооп алуу үчүн саруулуктар райондук администрацияга жөө жүрүш жасоо күнүн чечишмекчи.

Эскерте кетсек, 2014-жылдын 14-февралында Бишкек район аралык соту «Жашылдар партиясынын» «Кумтөр» компаниясынын кен иштетүү учурунда жаратылыш коргоо мыйзамын бузган үчүн жана анын натыйжасында аймактын экологиясына келтирилген 444 млрд сом зыянды төлөп берүү боюнча доо арызын кайтарып берген.

«Жашылдар партиясы» Жети-Өгүз райондук сотуна КР жаратылышты коргоо мыйзамын бузуу боюнча фактыларын таануу доо арызы менен кайрылган. Айрым маалыматтарга таянсак, Жети-Өгүз райондук соту партиянын доо арызын канагаттандырган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×