Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 26.03.2014 16:23

Жети-Өгүз районунун жергиликтүү бийлиги 6 гектар аянтка бак отургузууну пландоодо

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун жергиликтүү бийлиги 6 гектар аянтка бак отургузуу чечимин кабыл алды, деп билдирди аталган райондун акими Калысбек Жүдеев бүгүн, 26-мартта.

Анын маалыматы боюнча, бул демилге райондун аймагындагы айыл аймактары менен айылдык кеңештердин колдоосуна ээ болду.

К.Жүдеевдин айтымында, аталган иш-чара кийинки жумада башталат жана райондун бардык аймагында санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча активдүү иштер жүрүп жатат.

Ошондой эле, ишемби күнү Ысык-Көл облусунун бардык аймагында облустук ишембилик жүргүзүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×