Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 26.03.2014 16:40

Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылындагы мектеп авариялык абалда турат

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылындагы мектеп авариялык абалда турат. Бул тууралуу Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Түп районунун экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси Жаныбек Дүйшембиев билдирди.

Анын айтуусу боюнча, бул мектеп абдан эски. ӨКМ жана мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын бүтүмүнө ылайык, мектеп авариялык деп табылган.

«Айылда азыр жаңы мектеп курулуп жаткандыгы бизди кубандырат, ал жакын арада ачылат», - деди Ж.Дүйшембиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×