Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 28.03.2014 12:30

«Кумтөр» чыры боюнча: Президенттин аппаратынан бизди бир айдан кийин гана кабыл алат, деген жоопту алдык, - Жети-Өгүз тургундары

Turmush -  «Кумтөр» алтын кенинин аймагындагы чыр боюнча жергиликтүү элдин талабын айтып, Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун жергиликтүү тургундары, бир катар энелер жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу президентке, жалпы элге кайрылабыз, деп билдиришти аталган аймактан келген энелер бүгүн, 28-мартта АКИpress агенттигиндеги маалымат жыйында.

«Ушул маселелер боюнча кечээ, 27-мартта президентке кайрылсак, кабыл албастан, бир айдан кийин кабыл алышы мүмкүн деген жоопту алдык. Ал эми, жергиликтүү тургундарга жаш жигиттерге, андан соң энелерге чейин кол көтөрүүгө буйрук берген өкмөткө ишенбейбиз», - деди Оргочор айылынын тургуну Фатима Акимканова.

Саруу айылын тургуну Шайымкүл Үмөталиева: «Учурда биздин аймакта элдин коопсуздугу дагы, экология жагы дагы оор абалда турат. Биздин негизги талап, элге тынчтык берилсин жана экологиялык тазалыгы сакталсын жана күнөөсүз камакта жаткан балдар бошотулсун. Ошондой эле, «Кумтөр» элдин кызыкчылыгына иштеши керек. Максатыбыз - каалаганыбыздын бары жакшылык гана», - деп белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×