Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 28.03.2014 12:41

«Кумтөр» кенинин аймагында экологиянын бузулушунан улам, майып төрөлгөн ымыркайлардын саны арбып жатканын Жети-Өгүздүн тургундары белгилешүүдө

Turmush -  «Кумтөр» кенинин айланасында, экологиянын бузулушунан улам жергиликтүү тургундардын, өзгөчө жаш балдардын, ымыркайлардын ден-соолугу оор. Буга чейин бир нече ымыркай майып болуп төрөлүп, учурда азап тартып жатса, бүгүнкү күндө дагы майып болуп төрөлгөн ымыркайлардын саны көп, деп билдирди Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунда жайгашкан Дархан айылынын тургуну Эркингүл Узакова бүгүн, 28-мартта АКИpress агенттигиндеги маалымат жыйында.

«1998-жылдын 20-майында биз жашаган аймакта цианид төгүлүп, ошол учурда боюмда көтөрүп жүргөн балам майып болуп төрөлүп, азыркы күнгө чейин азап тартып келебиз», - деди Э.Узакова.

Ал белгилегендей, цианид төгүлгөн маалда кош бойлуу аялдардын боюнан алдыртышкан. «Менин босло, мөөнөтүм чоң болгондугуна байланыштуу алдырткан эмесмин. Ошол балам учурда 13 жашка чыкты. 13 жылдан бери бир кыйла азап тарттык. Мамлекет тарабынан айына 3 миң сом жөлөк пул алабыз, бирок ал дарысына, тамагына дагы жетпейт», - деди Э.Узакова.

Ошондой эле, «Кумтөр» кенинин аймагында экологиянын бузулушунан улам, учурда майып болуп төрөлүп жаткан ымыркайлардын саны арбын, деп кошумчалады, ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×