Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 28.03.2014 18:40

Жети-Өгүз районунда Баткен коому түзүлдү

Turmush -  Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында мындан 15 жыл мурда Баткен коогалаӊында өлкөнүн чек арасын бузуп келген экстремисттик күчтөр менен болгон кагылышууга катышкан жоокерлер Баткен коомун түзүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Баткен ардагерлеринин коому республиканын бардык район, шаарларында уюштурулууда. Ысык-Көлдө алгач Балыкчы шаарында түзүлгөн.

Баткен коомун түзүүнүн максаты - коогалаӊга катышкан жоокерлерге камкордук көрүү, аларга ооруканада дарыланууга шарт түзүү, жаштарды патриотуулукка тарбиялоодо иш жүргүзүү, коомдун турмушуна активдүү катышуу.

«Биздин алгачкы иш-чараларыбызда Баткен коогалаӊынын катышуучуларынын башын бириктирүү, аларга согуштук аракеттерге катышканын тастыктаган күбөлүктөрүн алып берүү, жеӊилдиктерден пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүү боюнча иштер жүргүзүлмөкчү», - дейт коомдун ачылыш салтанатына арналган иш-чаранын уюштуруучулары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×