Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 02.04.2014 10:20

Жети-Өгүз районунда 6,9 млн сомдук 5 кирешелүү долбоор ишке ашырылууда

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 6,9 млн сомдук 5 кирешелүү долбоор ишке ашырылды. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, районго бөлүнгөн каражатка киреше алып келе турган 5 чарба уюштурулган. Алардын ичинен тоок фабрика, шифер өндүрүүчү цех, балык өстүрүү чарбалары жана башкалар уюштурулган.

Ал эми Балыкчы шаарында Олбусту өнүктүрүү фондунун каражатына муниципалдык базардын курулушу башталууда. Бул базар Каркыра кичи районуна салынат. Анын курулушуна 20,6 млн сом каралып, анын 8,9у каржыланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×