Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 28.01.2014 11:02

Ысык-Көлдө 3,5 кг «марихуананы» мыйзамсыз сактап жүргөн жаран кармалды

Turmush -  Мотоциклинде 3,5 кг марихуана баңги затын мыйзамсыз сактаган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Тамга айылынын 34 жаштагы К.Денис аттуу тургуну колго түшүрүлдү.

Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, алдын ала түшкөн маалымат боюнча Жети-Өгүз РИИБдин тескөөчү милициясы тарбынан К.Денистин үйүн тинтүү учурунда ага тиешелүү мотоциклден марихуана заты табылган жана тергөө учурунда аны өзү колдонуп жүргөндүгүн мойнуна алган.

Учурда баңги затын мыйзамсыз сактаган кылмышкер Жети-Өгүз РИИБнин тергөө абагына камакка алынды жана иликтөө иштерин улантуу үчүн топтолгон маалыматтар тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×