Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 04.04.2014 13:39

Жети-Өгүз районунда пайдаланылбай калган жерлерге мөмө жемиш бактарыэгилип жатат

Turmush -  Жети-Өгүз районунда пайдаланылбай калган жерлерге мөмө жемиш бактары тигилүүдө. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Билдирүүгө ылайык, район аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондусуна таштак, суу жетпеген, ак топурактуу жерлер калтырылган.

Район акими Калысбек Жүдеевдин айтымында, пайдаланылбай бекер жаткан аянттарга бак-дарактардын түшүм берүүчү көчөттөрүн олтургузуу ылайык келээри иликтенип чыккан.

Алгач мөмө жемиш бактарын Липенка айыл өкмөтүнүн аймагында 6 гектарга олтургузуу каралууда. Мына ушундай эле бактар Жети-Өгүз айыл аймагында дагы олтургузулат.

Айта кетсек, Барскоон айыл аймагында былтыр айыл элинин жеке каражаттарына 4 гектар жерге алма, алмурут, абрикос көчөттөрү олтургузулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×