Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 04.04.2014 16:08

Жети-Өгүз району үрөн менен 95%га камыз болду

Turmush -  Жети-Өгүз району үрөн менен 95%га камсыз болду. Бул тууралуу аталган райондун айыл чарбасын өнүктүрүү департаментинин башчысы Кубат Ашыров билдирген, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Жетекчинин айтымында, райондо ушул күндөрү жазгы айдалып-себилүүчү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү 95%га толукталды. Дан эгиндери менен картошканын үрөндүк материалдары дыйкан-фермерлердин жеке күчтөрү менен үрөн чарбаларынан жана сорт сыноо участкаларынан сатылып алынды. Жетишпеген анча-мынча үрөндүк каражаттарды республикадан берилүүчү жардамдардын эсебинен толуктоо күтүлүүдө.

Айта кетсек, райондун аймагындагы ички жана чарбалар аралык каналдарды, арыктарды тазалоо жүргүзүлүүдө. Азыр 6 бригада туруктуу иштеп жатат. Аларда эң кеминде 55 адам жумушка тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×