Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 08.04.2014 16:16

Жети-Өгүздүн Липенка айылына 12 миӊ тал-теректин көчөттөрү олтургузулду

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Липенка айыл аймагында 12 миӊ тал-теректердин көчөттөрү олтургузулду. Бул тууралуу Жети-Өгүз районунан Абдыкадыр Байтоков билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Райондук мекеме ишканалардын жана уюмдардын эмгек жамааттары өткөн ишембиде Липенка айыл аймагындагы ишембиликке жапырт келишип, 4,5 гектар жерге 12 миң даана тал-теректердин көчөттөрүн олтургузуп беришти.

Ишембиликке 300гө жакын адам катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×