Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 16.04.2014 12:29

Жети-Өгүздө жыгач калдыктарынан тосмо жасаган фирма ачылды

Turmush -  Ысык-Көлдө жыгач калдыктарынан сапаттуу тосмо, кашаалар жасалууда. Бул тууралуу Жети-Өгүз районунун «Барскоон сервис» фирмасынын директору Жыргалбек Абдылдаев билдиргендигин аймактык кабарчы маалымдады.

Анын айтымында, алардын ишканасынын иштей баштаганына бир ай болду. Ж.Абдылдаевдин маалыматына ылайык, «Кумтөр» компаниясы аталган ишканага жарактан чыккан материалдарды жиберип турушат, андан кашааларды жасап даярдашат.

«Келечекте кызмат көрсөтүүлөрдү кеӊейтип, кошуна айылдарды көрктөндүрүүгө салым кошобуз», - дейт фирманын директору.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×