Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 18.04.2014 13:38

Жети-Өгүз районундагы Светлая Поляна жана Кабак айылында 1500 га жер сугат суусу менен камсыз болот

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Светлая Поляна жана Кабак айылында суу барбаган 1500 гектар жер сугат суусу менен камсыз болот. Бул тууралуу аталган айыл аймактын башчысы Жылкычы Мамытканов билдиргендигин аймактык кабарчы маалымдады.

Анын айтымында, Светлая Поляна жана Кабак айылдарында сугат суусунун тартыштыштыгынан улам айыл аймак боюнча эң кеминде 1000 гектарга чукул аянт түшүмсүз калып келген.

«Учурда Светлая Полянадагы суткалык суу топтоочу бассейни толук тазалоодон өтүп жатат. Ага республикалык агробизнести өнүктүрүү борбору жардам көрсөтүү менен бассейнди калыбына келтиришүүдө. Ага эми 30 миң куб метрге чейин суу батып, эң кеминде 605 гектар жерди сугарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эми бассейндин сугат суусунан 622 үй-бүлө пайдалана алышат», - дейт ал.

Бул жай 3 жумадан кийин пайдаланууга берилет. Жети-Өгүз айыл аймагындагы Кабак айылында демөөрчүлөр тарабынан суткалык суу топтоочу жайын ремонттоо жумуштары жүрүп жатат. Район боюнча эми 1500 гектар жер аянты суу менен камсыз болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×