Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 21.04.2014 13:45

Жети-Өгүз районундагы айымдардын «Эне жүрөгү» коомдук уюму экстремизмге каршы семинар өткөрүштү

Turmush -  Жети-Өгүз районундагы айымдардын «Эне жүрөгү» коомдук уюму экстремизмге каршы күрөшүүгө арналган семинар өткөрдү. Бул тууралуу аталган коомдун төрайымы Жамал Эсенканова билдиргендигин аймактык кабарчы маалымдады.

Экстремизмге каршы күрөшүү темасына арналган семинарга райондун айыл өкмөтүнүн катчылары, ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн өкүлдөрү, диний кызматкерлер катышты.

«Эне жүрөгү» коомунун төрайымы Жамал Эсенканова диний экстремизмге каршы күрөшүүдө аялдар өз жумуштарын аткарып жаткандыгын айтты.

Иш-чаранын жүрүшүндө, аймактагы диний экстремисттик багыттагы уюмдардын көбөйүп, күч алып бараткандыгы айтылды. Эл арасында бөлүп жарууга, тирешүүлөргө, адамдардын аӊ сезимин бурмалоого алып келүүчү, баш аламандык жагдайлардын жаралуусун пайда кылуучу дин бузаарлардын аракеттерине каршы алдын алуу маселелери талкууланды.

Семинардын катышуучулары Тосор жана Тамга айылдарынын калкынын жашоо турмушу менен дагы таанышып, андагы социалдык объектилерди көрүп чыгышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×