Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 22.04.2014 18:28

Жети-Өгүздүн Дархан айылында Сезим балдар борбору ачылды

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Дархан айылында кечээ, 21-апрелде Сезим балдар борбору ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка ылайык, Дархан айылындагы Кудайберген Салиев атындагы орто мектебинин имаратынан үч бөлмө бөлүнүп, ага балдар борору жайгаштырылды. Бир бөлмөсүн окуу бөлмөсү кылышып, дагы бирине балдар уктоочу бөлмө даярдалып, эки кабат керебеттер менен жабдылды.

Анда тарбияланып жаткан 50 баланын окуусуна жана эс алуусуна бардык шарттар түзүлүп берилген.

Балдар борборунун ачылыш аземине ЖК депутаттары катышып, 50 миӊ сом акча каражатын бөлүп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×