Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 23.04.2014 10:24

Депутаттар Жети-Өгүз районундагы Дүйнөлүк азык түлүк программасынын алкагында ишке ашарылып жаткан долбоор менен таанышты

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаттары Талант Узакбаев, Майрамкүл Тиленчиева, Эркингүл Иманкожоева жана Гүлнара Жамгырчиева Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна иш сапар менен барып, Дүйнөлүк азык түлүк программасынын алкагында ишке ашарылып жаткан мектеп окуучуларынын тамактануусун жакшыртуу долбоору менен таанышып келишти, деп билдирди ЖКнын басма сөз кызматы.

Аталган долбоор 2013-жылы Орусия Федерациясынын каржылоосу аркылуу Билим берүү министрлиги менен бирдикте өз ишин баштаган. Учурда республика аймагындагы 134 мектептин башталгыч класстарынын окуучуларын ысык тамактын түрлөрү менен камсыздап келет. Мамлекет тарабынан окуучуларга тамака деп бөлүнгөн акча каражатын туура пайдаланууну, аны менен окуучуларга сапаттуу тамак-аш берүүнү аталган долбоор колго алган. Мындай сунушту ата-энелер менен айыл өкмөттөрү да колдоп, каражат жагынан көмөктөшүп келет. Өкмөт тарабынан ар бир окуучуга тамак үчүн 7 сом каралса, ата энелер ар бир бала үчүн 3 сомдон ал эми айыл өкмөттүн бюджетинен 2 сомдон акча каражатын бөлүп беришкен.

Ал эми аталган долбоор окуучуларды байытылган ун жана ашкана жабдыктары менен камсыз кылат. Долбоордун иши 2016-жылы аяктайт, ага чейин жалпысы 250 мектепти ысык тамак менен камсыздоо планы бар.

Мугалимдер ысык тамак берүүдө окуучулардын сабакка болгон кызыгуусу жакшырганын билдирип, ашпозчулардын жетишсиздиги менен алардын айлык маянасынын аздыгын айтып, көйгөйдү чечип берүүнү эл өкүлдөрүнөн суранышты.

Окуучуларга сапаттуу тамак-аш берүү керектигин айткан депутаттар ашпозчулардын штаттык бирдиги менен айлык акысын жогорулатуу маселесин Билим берүү министрлигинин алдына койоорун жана анын чечилишин көзөмөлгө алаарын белгилешти.

Иш-чаранын жүрүшүндө депутаттар аталган райондогу Дархан айылында эл аралык уюумдардын колдоосу менен уюштурулган бала бакчанын ачылышына да катышып, бакчанын ишине ийгиликтерди каалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×