Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 08.05.2014 18:21

Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылында Жеңиш күнү белгиленди

Turmush -  Бүгүн, 8-майда Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында дүйнөлүк экинчи согуштун баатырларына арналган эскерүү кечеси өткөрүлдү.

Ага Улуу АтаМекендик согуштун ардагерлери, КР ЖК депутаттары жана район, айыл башчылары катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Эскерүүдө алгач атайы даярдалган мектеп окуучуларынын парады болду. Айта кетсек, бул айылда согуш майданынан 116 баатыр кайтып келген. Учурда анын ичинен үч ардагер жарыкчылык көрүүдө.

Район акими Калысбек Жүдеев мындай эскерүү расмий түрдө эртең, район борбору Кызыл-Сууда да улантыларын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×