Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 13.05.2014 11:47

Жети-Өгүз районундагы суткалык жөнгө салуучу бассейн жана ирригациялык канал тазаланды

Turmush -  «Кумтөр» компаниясы Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы суткалык жөнгө салуучу бассейнди жана ирригациялык каналды калыбына келтирүүгө каржылык жана техникалык көмөк көрсөттү. Бул тууралуу Жети-Өгүз районунун Ырдык айыл өкмөтүнөн аймактык кабарчыга билдиришти.

Жети-Өгүз районунун Ырдык айыл округунун башчысы Темирбек Кулдаевдин айтымында, бассейнди тазалоону компания эки-үч күн мурда бүтүрүп беришти. Аны тазалоо иштеринде кен ишканасынын техникалары пайдаланылган.

«Бул бассейн 45 миӊ куб метр көлөмдү ээлейт, 300 га жер аянтын сугат суусу менен камсыз кыла алат. Тазалоо иштери бул жайда 40 жылдан бери жүргүзүлгөн эмес. Бул күнгө чейин бассейиндин 10% мүмкүнчүлүгүн гана пайдаланууга туура келген.

Калыбына келтирүү жумуштары 5 сутка ичинде бүткөрүлдү. Андан тышкары бассейинге суу келүүчү канал тазаланды.

«Жалпысынан тазалоо жумуштарына 3,5 млн сомду түздү. Бул сумма жергиликтүү айыл округунун бюджетинен бир жарым эсе көптүк кылат», - дейт айыл округунун башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×