Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 13.05.2014 13:25

Кумтөр убада кылган 3,6 млн сом бөлүнсө, Кызыл-Суу айылында 5 чакырым жол салынат

Turmush -  Кумтөрдөн убада кылынган 3,6 млн долларлык акча каражаты келип түшө турган болсо, анда Жети-Өгүздүн Кызыл-Суу айылынын ичиндеги 5 чакырым жол тротуарлары менен толук салынып бүтөт. Бул тууралуу облустук линейдик-өндүрүштүк жол башкармасынан билдиришти, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Маалыматта, жогоруда белгиленгенден тышкары № 4 жол башкармалыгына бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жол куруу жумуштары өз ыраатында улантылат.

«Барскоондун ичине өз күчүбүз менен 2 чакырым, Тоңдогу Ак-Терек – Дөң-Талаада 3 чакырым жана Түп - Токтоянда 4 чакырым жол салынат. Баш аягы болуп жылдын акырына чейин 14 чакырым асфальт жолу төшөлөт деген эсебибиз бар», - дейт жолчулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×