Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 14.05.2014 10:19

Саруу айылынын жашоочулары койлорго кол салган иттерди «чупакабра» экен деп ойлошкон

Turmush -  Агенттикке жакында эле Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын жашоочусу Төлөгөн Токтоналиев кайрылган, анда ал белгисиз бир жан 25тен ашуун койду өлтүргөндүгүн билдирген.

«Өлтүрүлгөн койлордун денесинде эч кандай бузулуу болгон эмес, бир гана мойнунда анча чоң эмес тиштөө болгон. Биз койлорду союп жатканда аларда бир да тамчы кан болгон эмес. Бир түндө эле биз 6-7 койду жоготуп жатабыз, муну менен биз койлордун эч кандай үндөрүн да уккан жокпуз, баардыгы тынч болуп жатат, мунун баары кандай болгондугун түшүнбөй жатабыз», - деп айтып берди ал.

«Бул жырткыч эмнеге окшош экендигин биз интернеттен карадык жана чупакабра (кенгуру дене түзүлүшүндөгү жырткыч) бар экендигин тастыктоочу фактыларды таптык. Чет өлкөлөрдө дагы ошондой эле ушул сыяктуу окуялар болгон экен. Айылда тооктор дагы өлтүрүлгөн», - деди Т.Токтоналиев.

Ал ортодо Саруу айыл өкмөтүнүн башчысы Турар Асанбеков бул окуя айылда апрель айында катталгандыгын билдирди.

«Айылда жашаган бир тургундун короосунда бирөө эчкини тиштеп алган, андан кийин 3-4 күндөн кийин ушундай эле окуя башка саруулуктун үйүндө да болгон, 4 койду белгисиз бир жан тиштеп кеткен», - деди ал.

Анын айтуусу боюнча, окуя болгон жерге келген мал доктур бул карышкырлардын же болбосо чоң иттердин тиштеген изи экендигин билдирген.

Андан кийин айылда ээлери түнкүсүн бошотуп койгон 5 ит кармалган.

Жыйынтыгында тиштердин издерин салыштырууда, алар бир иттики экендиги аныкталган, андан соң ал атып өлтүрүлгөн.

«Өлтүрүлгөн койлордо бир да тамчы кан жок экен деген маалымат дагы туура эмес, баары текшерилди. Учурда айылда абал тынч», - деди Саруу айыл өкмөтүнүн башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×