Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 15.05.2014 16:11

Жети-Өгүз районунда эки үй өрттөндү

Turmush -  Жети-Өгүз районунда 13-майда эки үй өрттөндү. Бул тууралуу облустук өрткө каршы мамлекеттик кызматынан билдиришти, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Билдирүүгө ылайык, Кызыл-Суу айылындагы үйлөрдүн биринен чөп сакталган кампаны өрт чалган. Өрт өчүрүүчүлөрдүн бардык аркетине карабастан алоолонгон от кошуна үйдүн чатырына жабышкан.

Ал үйдүн чатыры өрттөнүп, өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоо менен 2 сааттай кармашып, өрт кырсыгын толук токтотушкан.

Учурда өрттүн чыгуу себептери жана өрт кырсыгынын натыйжасында эки үйдүн ээлерине келтирилен материалдык чыгымдар аныкталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×