Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 16.05.2014 11:12

Жети-Өгүз айыл аймагында жайыт жетишсиз болуп жатат, - жайыт комитетинин башчысы Ж.Кубакаев

Turmush -  Жети-Өгүз айыл аймагында жайыт жетишсиз. Бул тууралуу райондук жайыт комитетинин башчысы Жеңиш Кубакаев билдирген, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Анын айтымында, Жети-Өгүз айыл аймагы боюнча ондогон жылдардан бери жайыт маселеси чечилбей келе жатат. Өз кезегинде «Үлгү» колхозунун базасында мамлекеттик малды бордоп семиртүүчү комплекс курулуп, коңшу айылдардан 600 гектар айдоо жерлерин алышып, ал эми жайыттарды болсо Липенко жана Светлая Поляна айыл аймактарына өткөрүп беришкен.

«Бирок комплекс тарап, 600 гектар жер аянттарын өз ээлерине таратып беришкени менен аталган айыл аймагына жайыттар кайтарылбай кала берген», - деди ал.

Анын айтуусунда, азыркы учурда 5 айыл курамына кирген Жети-Өгүз айыл аймагында 4130 гана гектар жайыт аянттары бар. Аларды дагы жети-өгүздүктөр токой чарбасынан алып пайдаланышат. Ал эми мындан сырткары, жайыттары болбогондуктан улам, кошуна айыл аймактарынын малчы-чабандары менен жыл сайын кырды-бычак болушуп, күн кечирип келишет.

«Сырт өрөөнүндөгү «Сары-Чат - Ээр Таш» мамлекеттик коругу дагы бул айылдан оодарылып, мамлекетке өткөрүлүп жиберилген. Ошол эле учурда коңшу айыл аймактары бир кездерде Жети-Өгүз айыл аймагынан аларга өтүп кеткен жайыт жерлерин кайтарып берүүгө даяр. Бирок, ага мыйзам жол бербейт жана башка айыл аймактарынын тургундары түшүнбөөчүлүккө баруулары мүмкүн. Ал эми маселе ушунчалык курч турганы менен жети-өгүздүктөр бул маселени оң жагына чечип берүүчү сот органдарына буга чейин бир дагы жолу кайрылышкан эмес», - деп билдирет Ж.Кубакаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×