Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 16.05.2014 12:27

Жети-Өгүздө курулушу бүтпөй турган 6 мектеп, 4 спорттук комплекс жана 2 клуб бар

Turmush -  Жети-Өгүз районунда курулушу бүтпөй турган объектилердин катарына кирген 6 мектеп, 4 спорттук комплекси жана 2 клуб бар. Бул тууралуу Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусунун жетекчиси Бакыт Айтакунов Жети-Өгүз айылдык аймагында болуп өткөн жыйында билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Б.Айтакуновдун айтымында, Жети-Өгүз районунун аймагында эле курулушу бүтпөй турган 6 мектеп, 4 спорт комплекси жана 2 клуб бар. Алардын бардыгы Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусу аркылуу бүткөрүлмөкчү.

«Жети-Өгүздөгү спорт комплекстин сметалык баасы 31 млн сом. Калган метептердин, клубдук мекемелердин, спорт комплекстеринин курулушу деле ушундай чоң сумманы талап кылат. Эгерде Кумтөрдөн ар жылы ушул фондго 300-400 млн сомдун тегерегинде акча түшө турган болсо, анда областтын аймагында бул сыяктуу көйгөйлүү ондогон курулуш имараттарын бир жылда куруп бүткөрүүгө болбойт», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×