Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 20.05.2014 13:36

Жети-Өгүз районунда өткөн жылы 33 гектар аянтта жапайы кара куурай өсөөрү белгилүү болгон

Turmush -  Ысык-Көл облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө кечээ, 19-майда баӊги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Чыгыш башкармалыгынын жыйыны болуп өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Жыйынга облустук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жетекчи кызматкерлери, облустук райондук күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, райондук администрациялардын айыл өкмөттөрүнүн жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө баӊги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү малекеттик кызматынын Чыгыш башкармалыгынын башчысы Саламат Жусупов баӊги затын мыйзамсыз жүгүртүү, баӊгичиликке байланышкан кылмыштарды, кара куурайды жок кылуу боюнча маселелер жөнүндө облустагы абалды түшүндүрдү. Алдыдагы аткарылчу милдеттер туурасында маалымат берип, банги затына байланышкан кылмыштуулукту азайтууда кедерги болуп жаткан көйгөйлөрдү ортого салды.

Жыйындын катышуучулары өз аймактарында жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында маалымат беришип, баӊги затын жүгүртүүгө каршы күрөшүү, кара куурайды жок кылуу иштеринде күйүүчү майдын жетишсиз болуп келгенин белгилешти.

Жыйында келтирилген маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда баңги затын колдонгондордун 40-45%ы ийне сайынышат. Банги затын колдонгондордун 88%ы калк жыш жайгашкан шаар райондордо жашашат.

БУУ өкүлдөрүнүн спутник аркылуу Жети- Өгүз районунда жүргүзгөн иликтөөсүнүн натыйжасында мурда айтылып жүргөндөй, өткөн жылы ал аймакта 17 гектар аянтта эмес 33 га жер аянтында кара куурай өсөөрү маалым болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×