Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 20.05.2014 16:03

Жети-Өгүз районунда 905 Баатыр эне бар

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында кечээ, 19-майда энелер күнүнө арналган иш-чаралар өттү. Бул тууралуу Кызыл-Суу айыл өкмөтүнөн билдиришкенин аймактык кабарчы маалымдады.

Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн жетекчилиги айылдагы Баатыр энелерди салтанатка чакырып, аларга сый көргөзүштү. Жети баладан көп бала төрөгөн энелерге айыл өкмөтүнүн атынан белектер тапшырылды, ар кандай оюн тамашалар, концерттик программалар уюштурулду.

Ал эми райадминистрациянын жетекчилиги райондун борборундагы төрөт үйүнө барышып, көз жарган жана кош бойлуу энелерди майрамы менен куттукташып, белектерди тапшырышкан.

Маалыматка таянсак, 2014-жылдын башынан бери райондо 229 наристе жарык көргөн.

Райондун акиминин орун басары Мурат Раматовдун айтымында, райондо 905, ал эми Кызыл-Суу айылында 49 Баатыр энелер бар.

«Энелер күнүнө карата ар кандай иш-чаралар өткөрүлдү. Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери айдоочу айымдарды майрамы менен куттуктап, жол эрежесин сактап жүрүүсүн суранышып, аларга ак жол каалап куттуктоо баракчаларын тапшырышты. Төрөт үйүндөгү энелерге барып куттук айтып, белек берип келишти. Жети-Өгүз районунун 13 айыл өкмөттөрүндө энелер күнүнө карата салтанаттуу иш-чаралар болуп өттү», - дейт М.Раматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×