Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 21.05.2014 09:26

Жети-Өгүз районунда эки павильондон өрт чыгып, тиричилик буюмдары күйгөн

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Ибраева көчөчүнүн Базардын аймагында эки павильондон өрт чыкты, деп билдирет ӨКМ басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жаран Р.Ниязовго тиешелүү болгон тамак-аш саткан «Далида» павильонунун 24 чарчы метри, МДФ менен капталган ички жасалгасы, стол, стул, газ балон, «Мечта» электрондук плитасы күйгөн.

Ал эми экинчи павильон С.Байзаковага тийиштүү болгон. Анын 15 чарчы метр жыгач устундуу темир жабылган чатыры, пластик шыбы күйгөн.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×