Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району, Саруу 23.05.2014 11:45

Саруу айылында Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына карата чыгармачыл жаштар менен ардагер жазуучулардын кечеси болду (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында 2014-жыл Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына карата чыгармачыл жаштар менен ардагер акын, жазуучулардын кечеси болду, деп билдирет өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Аталган иш-чара Жети-Өгүз районунда 2014-жыл ынтымактын, достуктун, биримдиктин, тазалануунун жана арылануунун жылы деген ураандын алдында өткөрүлдү. Ага республикадан жана облустагы белгилүү акын, жазуучулар, райондогу бардык мектептердеги жаш чыгармачыл, калемгер окуучулар, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, райондун акими жана Саруу айылынын тургундары катышышты.

Чыгармачылык кечеде мектеп окуучулары, акын жазуучулардын чыгармаларын көркөм окушуп, жомок, тамсилдерин аткарып беришти. Ошондой эле, жаш калемгерлер акын, жазуучуларга арнап чыгарышкан ырмалын окуп беришти.

Бул иш-чараны уюштурган райондун аксакалдар жана аялдар кеңеши, демилге көтөргөн Саруу айылы болуп, ал эми иш-чараны уюштурууга ыйгарым укуктуу өкүл Эмилбек Каптагаев көмөк көрсөткөн.

Изображение 071

Изображение 091

Изображение 046

Изображение 074

Изображение 060

Изображение 082

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×