Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 28.05.2014 16:13

Депутат Т. Узакбаев Жети-Өгүз районунда шарп оорусу тууралуу маалыматты текшерүүгө сөз берди

Turmush -  Депутат Талантбек Узакбаев («Ар-Намыс») Жети-Өгүз районунда шарп оорусу тууралуу маалыматты текшерүүгө сөз берди. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-майда «Парламент» радиосунда угармандардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтуусу боюнча Жети-Өгүз районунда шарп оорусу тууралуу маалымат түшкөн эмес.

«Биз маалыматты тактап туруп, силерге жооп беребиз. Эгерде оору чыккан жер болсо, анда тиешелүү чаралар көрүлүшү керек. Эч ким аны жашырууга укугу жок. Эгерде мамлекеттик органдар бул фактты жашырып коюшса, алар жоопкерчиликке тартылышат», - деди ал.

Т.Узакбаев Нарын облусунда 300дөй кой жана козу өлгөндүгүн эскертти. Эгерде алар эмдөөдөн өткөрүлсө, мындай болмок эмес.

«Мал доктурлар ооруларда кандай эмдөө жүргүзүү керектиги боюнча маалымат бериши керек. Ветеринардык палата түзүлгөндөн кийин жеке мал доктур ага тийиштүү участокко жоопкерчиликтүү болот», -деди депутат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×