Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 29.05.2014 18:31

Фоторепортаж — Айыл турмушу: Жети-Өгүздө айрым апалар калпак тигүүнү жакшы өздөштүрүшкөн

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын тургуну Гулнара Молдоашырова учурда кыргыз элинин улуттук баш кийими болгон ак калпакты жасоонун сырын жакшы өздөштүргөн.

Анын айтымында, бул баш кийимди кийгенге ынгайлуу болуусу үчүн туура бычуу керек. «Кылчык ак жүндөн кийиз кылып жасап алып, анан бычабыз. Бычуу үчүн алгач кагаз бетине түшүрүлгөн калыпка салып кыркабыз. Бычуу учурунда калпактын көлөмү аныкталат. Мисалы, колдун эки манжасы менен ченелип, кошулуп кете берет. Мындай учурда баш кийим улам бир өлчөмгө чоңоет. Анын тигилишине жараша: кыюу, туюк, Бакай, сайма калпак болуп бөлүнөт», - дейт ал.

Гүлнара Молдоашырова учурда бул ак калпактарды айылдагы цехте тигип келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×