Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 31.05.2014 10:20

Жети-Өгүз районунда пенсионер айылдашына бычак сайып өлтүрдү

Turmush -  Жети-Өгүз районунда пенсионер айылдашына бычак сайып өлтүрдү. Бул тууралуу Ысык-Көл ИИБ басма сөз кызматынын катчысы Сталбек Усубакунов билдиргендигин айактык кабарчы маалымдады.

Жети-өгүз райондук ИИБ күзөт бөлүмүнө 28-майда саат 20:13 чамасында адам өлтүрүү боюнча маалымат түшкөн. Анда Кызыл-Суу айылынын 62 жаштагы тургуну Ч.Тимур айылдашы 57 жаштагы А.Исактын үйүнө барып аны бир нече ирет бычак менен сайып жибергендиги айтылган.

Натыйжада жабыр тарткан жаран алган жаракатынан улам каза тапкан.

Маалымат келип түшкөндөн бир аз убакыттан кийин Ч.Тимур Жети-Өгүз ИИБ өзү келип адам өлтүргөнүн мойнуна алган жана далил зат катары кан болгон бычакты өз эрки менен тапшырган.

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда кармалган адам жана каза болгон жарандын ортосунда араздашуу болгон жана касташууга чейин жеткен.

Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-пункту боюнча кылмыш иши козголду. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө жүрүүдө. Кармалган жаран Жети-Өгүз районунун убактылуу кармоочу жайына камалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×