Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 31.05.2014 11:43

Ысык-Көл облусунда жасалма документтин негизинде кыздарды асырап алууда коррупциялык схема аныкталды

Turmush -  КР УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын Ысык-Көл облусундагы бөлүмү тарабынан оперативдүү иш-чаралардын жүрүшүндө жасалма документтин негизинде кыздарды асырап алууда коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик каттоо кызматы алдындагы жарандык абалды, актыларды каттоо департаментинин Каракол шаарындагы бөлүмүнүн башчысы «Б.Д.», болжол менен баланын ата-энеси менен сүйлөшүп алып, жасалма документтин негизинде ата-энеси тирүү болсо дагы, баланы жакын бир туугандары тарабынан асырап алуу фактысын тастыктоочу жарандык абал актысын жазып берген.

Мындай механизациянын максаты болуп, кызды асырап алуу жөнүндө жасалма документтин негизинде Жети-Өгүз районунун Социалдык фондунун Башкармалыгынан ай сайын мыйзамсыз түрдө пенсия алып туруу болуп эсептелинет.

Тиешелүү чечимдин негизинде эки бала асыроого аныкталып, мыйзамсыз түрдө ага ай сайын 31 миң 260 сом өлчөмүндө пенсия белгиленген. Бүгүнкү күндө мамлекетке келтирилген зыяндын жалпы суммасы такталууда.

Аталган факт боюнча 27-майда КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 166 - («Алдамчылык») 304- («Кызмат орду менен пайдалануу») 315 - («Кызматтык жасалмалоо») 350 - («Мамлекеттик чыйлыктарды, штамптарды, мөөрдү, бланктарды, жасалма документтерди жасоо, даярдоо, сатуу жана колдонуу») беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×