Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 04.06.2014 10:55

Жети-Өгүз районунда «Жыл мугалими-2014 кароо сынагы өтүүдө

Turmush -  Жети-Өгүз районунда «Жыл мугалими-2014 кароо –сынагы өткөрүлүүдө. Бул тууралуу облусттук билим берүү институтунан билдиришкендигин аймактык кабарчы маалымдады.

Алардын маалыматында, Жети-Өгүз районундагы «Жыл мугалими-2014» кароо-сынагына 39 мектептен 12 мугалим катышып жатат. Алар конкурстун негизинде тандалып алынып, эми финалдык турда ат салышууда. Сынак көркөм сүрөт, чийүү, англис тили боюнча өткөрүлүүдө.

Сынакта 4 тапшырма боюнча мелдеш жүрүүдө. Иш чараны уюштурууда Билим берүү министрлиги, райондук билим берүү бөлүмү, илим берүү институтунун профсоюз уюму демөөрчүлүк кылышууда. Жеӊүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×