Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 04.06.2014 16:13

«Центерра» компаниясы тоо иштеринин планы бекитилбесе Кумтөр кенинде жумуштарды токтотуу жөнүндө билдирет

Turmush -  «Центерра Голд Инк.» компаниясы (TSX: CG) 2014-жылга «Кумтөр» долбоору боюнча тоо иштеринин планын бекитүү үчүн аракеттерге карабай, КРнын тиешелүү органдарынан мындай бүтүм жана уруксаат алынган эместигин жарыялады. Ошондуктан, эгерде мындай бекитүү жана уруксаат ушул жылдын 13-июнуна чейин алынбаса, «Центерра» компаниясы «Кумтөр» кенинде ишти токтотуу процедурасын баштоого ниеттенүүдө. Бул күнгө чейин «Центерра» компаниясы ишин жана мындай бекитүүлөрдү жана уруксаат алууну тездетүү максатында тиешелүү органдар менен кызматташууну улантып келет, деп билдирди компаниянын басма сөз кызматы. Буга чейин айтылгандай, компаниянын Кыргызстандагы «Кумтөр Голд Компани» туунду ишканасы тиешелүү мамлекеттик органдарга 2014-жылдын тоо иштеринин жылдык планын бекитүүнү алуу жана аны чечүү үчүн 2013-жылдын аягынан тарта кайрылышкан.

«Тилекке каршы бул жылы бир нече ирет документтерге жана жогорку кызматтагы адамдар менен болгон талкууларга карабай, мындай бекитүү жана уруксаат берилген жок. Мындай бекитүүлөрдүн жана уруксааттын жоктугу «Центерра» компаниясы үчүн жана анын кызматкерлерине олуттуу коркунуч жаратат», - деп айтылат билдирүүдө.

Маалымат:

«Центерра» алтын казып чыгаруучу компания болуп эсептелинет. Ал Азияда, мурунку Советтер Союзу аймагында жана дүйнө жүзү боюнча башка базарларда алтын кендерин казуу, иштеп чыгуу, геологиялык чалгындоо жана алуу менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×