Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 04.06.2014 17:19

Баары Кумтөр кенинин иштешине кызыкдар, - Мамгеологиянын башчысы Д.Зилалиев

Turmush -  Баары Кумтөр кенинин иштешине кызыкдар, деп билдирди Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттигинин директору Дүйшөнбек Зилалиев бүгүн, 4-июнда ведомствонун лицензиялык комиссиясынын жыйынында. Анын айтымында, бүгүн Кумтөр боюнча отурум болду.

«Кудай буюрса, маселе оң жагына чечилет. Бардыгы мыйзам чегинде жана мамлекеттин кызыкчылыгында болушу керек», - деди ал.

Эске салсак, мурдараак «Центерра» компаниясы тоо иштеринин планы бекитилбесе, Кумтөр кениндеги жумуштарды токтотушу мүмкүн экендигин билдирген.

Тема боюнча: «Центерра» компаниясы тоо иштеринин планы бекитилбесе Кумтөр кенинде жумуштарды токтотуу жөнүндө билдирет

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×