Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 05.06.2014 12:20

Ысык-Көлдөгү Ичке-Булуң орто мектебинин китепканасы 300 китеп менен толукталды

Turmush -  Ысык-Көлдөгү Ичке –Булуӊ орто мектебинин китепканасы 300 китеп менен толукталды. Бул тууралуу Ичке-Булуӊ айылындагы К.Эсенкожоев атындагы мектептен билдиришкендигин аймактык кабарчы маалымдады.

Жети-Өгүз районунун Ичке-Булуӊ айылынын К.Эсенкожоев атындагы мектептин китепканасы 300 жакын китептер менен толукталды. Ал китептерди ушул айылдын кулуну генерал Кеӊешбек Орозалиев өздүк китепканасынан берген.

Генерал Кеӊешбек Орозалиев, советтик –партиялык кызматтарда, укук коргоо органдарында, бажы кызматында көп жылдар эмгектенип, эл алдында зор эмгеги сиӊген инсан. Ал өзү туулуп өскөн айылына тез-тез каттап, жердештерине ар кандай жардамын көрсөтүп келет. Айыл тургундары атактуу генералдын бул жолку кайрымдуулук ишине ыраазычылык билдиришип, эми келечекте ктиепканага генерал Кеӊешбек Орозалиевдин ысмын берели деген чечимге келишүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×