Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 05.06.2014 16:04

Т.Сарпашев: Кумтөрдөгү алтын өндүрүп чыгаруучу фабрика ишин токтоткон жок, 13-июндан кийин ал өз ишин тездетет

Turmush -  Кумтөрдөгү алтын өндүрүп чыгаруучу фабрика ишин токтоткон жок, 13-июндан кийин ал өз ишин тездетет. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда өкмөттөгү маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди. «Өкмөттүн маселелери бар, биз аларды карайбыз. Тоо иштеринин пландары менен байланышкан маселелер да бар, анткени ал экологиялык маселелерге тийиштүү, жакынкы 2-3 күндө бул маселе чечилет», - деди ал.

Ошондой эле, Т.Сарпашевдин айтымында, өкмөттүн 2009-жылдагы макулдашуу макамы жөнүндө жана суу жөнүндө мыйзам боюнча суроолору бар.

Эске салсак, «Центерра» компаниясы тоо иштеринин планы 13-июнга чейин бекитилбесе, Кумтөр кенинде жумуштарды токтотуу жөнүндө билдирген.

Тема боюнча: «Центерра» компаниясы тоо иштеринин планы бекитилбесе Кумтөр кенинде жумуштарды токтотуу жөнүндө билдирет

Баары Кумтөр кенинин иштешине кызыкдар, - Мамгеологиянын башчысы Д.Зилалиев

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×