Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 06.06.2014 18:37

«Ата Мекен» Кумтөр кениндеги тоо жумуштар боюнча планды бекитпөө өтүнүчү менен өкмөткө кайрылат

Turmush -  «Ата Мекен» фракциясы Кумтөр кениндеги «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» тоо жумуштары боюнча планын бекитпөө өтүнүчү менен өкмөткө кайрылат. Мындай чечим бүгүн, 6-июнда аталган фракциянын кен чыгуучу жердин экологиялык абалы каралган жыйынында белгилүү болду. Фракция лидери Өмүрбек Текебаевдин айтымында, компания ал жердеги мөңгүнү бузат, эгерде өкмөт алардын тоо жумуштары боюнча планын бекитпесе, анда мыйзамдын талаптарын аткарат.

«Эгерде, компания ишти токтотуу менен шантаж кыла турган болсо, анда өкмөт кен чыгуучу жердин консервациясын (кандайдыр бир чаралардын жардамы менен бузулуудан сактоо, ишкананы белгисиз убакытка чейин токтотуп коюу) камсыздашы керек», - деди ал.

«Өкмөт тезинен «Кыргызалтындын» жетекчилигин караш керек. Минтип калтырып коюуга болбойт. Башчысы жок, анын орун басары Шакировдун (Кылычбек Шакиров) жоопкерчиликсиз позициясы бизге түшүнүктүү. Ал КРнын кызыкчылыктарын коргой албайт жана өкмөттөн аны кызматтан четтетүүнү сурайбыз», - деди Ө.Текебаев.

Ошондой эле, анын пикиринде, Тоо-металлургиясы профсоюзунун төрагасы Эльдар Тажибаев компаниянын жактоочусу болуп калды.

«Парламент Кумтөр маселесин карап жатканда, ал митингдер менен чыгып жүргөн», - деп эске салды депутат.

Мурдараак маалымдалгандай, «Центерра» компаниясы тоо иштеринин планы бекитилбесе ишти токтотуу процедурасы башталат, деп билдирген.

Тема боюнча: «Центерра» компаниясы тоо иштеринин планы бекитилбесе Кумтөр кенинде жумуштарды токтотуу жөнүндө билдирет

Баары Кумтөр кенинин иштешине кызыкдар, - Мамгеологиянын башчысы Д.Зилалиев

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×