Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 13.06.2014 11:06

Жети-Өгүздүн Липенка айыл аймагында «Жергиликтүү бийлик — демилгелүү жаштар» темасы алдында жыйын болуп өттү

Turmush -  Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Липенка айыл аймагында «Жергиликтүү бийлик - демилгелүү жаштар» деген теманын алдында жыйын өттү. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Рита Борбукеева билдиргендигин аймактык кабарчы маалымдайт.

«Жергиликтүү бийлик - демилгелүү жаштар» аталышындагы теманын алдындагы жыйын Жети-Өгүз районундагы Липенка айыл аймагында райондун жаштар кыймылдарынын мүчөлөрүнүн, коомдук уюмдардын жана айыл коомчулугунун катышуусунда өттү.

Жети-Өгүз райондук жаштар бирикмесинин төрагасы Урмат Макеевдин айтымында айыл жаштары коомдук иштерге активдүү катышуу менен өз айылдарынын социалдык, экономикалык жана маданий жагынан өсүп-өнүгүүсүнө салым кошуп келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×