Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 29.01.2014 11:10

Чек араны бузган кылмыштуу топко туура иш жасалган- Э.Каптагаев

Turmush -  Жети-Өгүз районундагы кыргыз-кытай чек арасында болгон окуя дароо эле интернет баракчаларына тараган. Андагы кыргыз жарандарына кол салган кылмыштуу топту дароо өлтүргөндүгүнө жашоочулар ар кандай пикирлерди калтырышкан. Жакындан таанышып келген өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаев мындай билдирүүлөргө карата өзүнүн пикирин төмөндөгүчө билдирди, деп маалымдады аймактык кабарчы.

«Чек араны бузган кылмыштуу топко туура иш жасалган», - дейт облус жетекчиси.

Э.Каптагаев жергиликтүү жашоочулардын интернетке калтырган ар кандай далилдерин четке кагат. «Эгерде кылмыштуу топ дароо атылып өлтүрүлбөгөндө аларды издеп чек ара кызматкерлери көп убара болмок жана эмне үчүн аларды убагында кармап алган жок, деген көп сөз болмок. Бул боюнча айта кетейин, мен ошол эле күнү окуя болгон жерге баргам. Саат 06:00дөр чамасында жанагындай операция жүргөн экен. Биз жарым саат кеч барып калдык. Бирок ошол эле шартта чек арачылар толук туура эле иш жасашкан, мен ачык эле айтып коеюн. Анткени, алар топ-тобу менен качып кетсе, эмне болот эле бүгүнкү күнгө чейин издеп жүрмөкпүз. Канча деген чабандар уктабай, канча дегендери ылдый көздөй качат эле. Чоң аламаатка туш болмок», - дейт Э.Каптагаев.

Эскерте кетсек, Жети-Өгуз районундагы кыргыз-кытай чек арасында 23-январда кооголаң болуп, кылмыштуу топ 24-январда жок кылынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×