Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 29.01.2014 11:19

Ысык-Көлдөгү кыргыз-кытай чек арасына жакын жайгашкан айылдар колго алынат, - Э.Каптагаев

Turmush -  Кыргыз-кытай чек арасына жакын жайгашкан айылдардын социалдык-экономикалык өнүгүшүн, малчыларды көбөйтүп, аларга мындан ары жакшы шарттар менен кымсыз кыла тургандыгын өкмөттүн Ысык-Көл облустук ыйгарым укуктуу өкүл Эмилбек Каптагаев билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Э.Каптагаевдин айтымында, азыр чек арада иликтөө, тактоо иштери жүрүп жатат. Чек арада атайын тозот иштерин бекемдөө жагы да каралууда.

«Биз облус боюнча өзүбүздүн милдетибиз - колубузда болгон иштерди аткарабыз. Чек ара жакта жакын жайгашкан айылдарга малчыларды көбүрөөк алып барышыбыз керек. Жашоочуларды көбөйтүп, аларды социалдык-экономикалык жактан камсыз кылып беришибиз керек. Ал эми ал жактагы жолдорду, көпүрөлөрдү оңдоп беребиз», - дейт Э.Каптагаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×