Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 26.06.2014 10:56

Жети-Өгүз районунун Богатыревка айылында жаңы мектеп курулууда

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Богатыревка айылында жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка ылайык, мектептин эски имараты 1946-жылы курулгандыктан эскирип, жараксыз абалга келген. Мектептин курулушу 2012-жылы эле башталган. Маалым болгондой, окуучулар жаңы окуу жылын жаңы мектеп имаратында башташат.

Эске салсак, буга чейин ЖК депутаты Талантбек Узакбаев («Ар-Намыс») үстүбүздөгү жылдын 5-июнунда парламенттин отурумунда Жети-Өгүз районунун Богатыревка айылында жаңы мектептин курулушуна каражат бөлүп берүүнү өтүнгөн.

Депутаттын айтымында, мектептин курулушуна 18 млн сом каражат бөлүнгөн. Мектепти толугу менен бүтүрүү үчүн дагы 5 млн сом керектелет. «Каражаттар Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун эсебинен бөлүнгөн. Бирок белгисиз себептерден улам каражат бериле элек. Окуу жылынын башталарына 2,5 ай калды. Андыктан бул суроону чечип берүүнү өтүнүп мага кайрылышууда», - деп билдирген депутат Т.Узакбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×